• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мектептеринде жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Ош, 17.04.18. /Кабар/. Ош шаарынын мектептеринде “Дүйнөлүк жарандык коргонуу күнү” белгиленүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, түзүлгөн тартип боюнча Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде “Дүйнөлүк жарандык коргонуу күнү” белгиленет жана жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мектеп окуучуларына биринчи медициналык жардам көрсөтүү, адам өмүрлөрүн сактап калуу боюнча сабактарды өтүшөт.

Жолугушууда ӨКМдин кызматерлери бардык катушуучуларга өзгөчө кырдаалдарда кантип сактануу жолдорун да айтып беришет.

Пикир

Оставить комментарий