• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамбетов миссиясынын аяктаганына байланыштуу РФнын Оштогу башкы консулу менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап түрдүү тармактардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, ошондой эле шаардык инфраструктураны жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмаз Мамбетов Россиянынн Ош шаарындагы башкы консулунун миссиясынын аякташына байланыштуу, Роман Свистинге шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ыңгайлуу шарттарды түзүүбоюнча кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар тыгыз байланышты сактоо жана эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да жүрө тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий