• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн айдоочу жана кечигип келген тез жардам кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Бишкектеги Ауэзов көчөсүндө “КаМАЗ” үлгүсүндөгү унаа 20-25-жаштагы кызды коюп кеткен,-деп билдирет КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-апрелде болжол менен кечки саат 18:00 чамасында катталган.

60 жаштагы Д.А., аттуу айдоочу Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан эки жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

Билдирүүдө айтылгандай, тез жардам кызматы окуя болгон жерге дээрлик 40 мүнөт кечигип келген.

Күбөлөрдүн айтымында, жабыркаган кыздын тамыры согуп турган, бирок тез жардам кызматкерлери келгенге чейин көз жумган.

Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатышат.

Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий