• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 359-чакырымындагы Көк-Бел ашуусунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 05:30дар чамасында катталган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барып, унааларды жолдун четине чыгарууга көмөк көрсөтүшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий