• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарындын 2 айылында таза суу чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Нарындагы 2 айылда таза суу чыгарылды. Бул тууралуу “Ас-салам” кайрымдуулук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ичке жана Оттук айылдарында ичүүчү таза суу колдонууга берилген.

“Көп жылдан бери айыл жашоочулары таза сууга жетпей жүрүшкөн. Ичке айылында 2200дөй, ал эми Оттук айылында 2 миңдей тургун таза суу көйгөйү менен күрөшүп келишкен”, - деп айтылат маалыматта.

Сууну колдонууга берүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана айыл жашоочулары катышкан.

“Элдин муктаждыгын чечүү - биздин биринчи максат. Республика боюнча калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн колубуздан келген ишти жасайбыз”, - деп кошумчалашты фонддон.

Пикир

Оставить комментарий