• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишемби күнү Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 25 жаштагы кыз кулап түшкөн (фото)

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. 31-август күнү Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 25 жаштагы кыз кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, окуя жерине барган милиция кызматкерлери 25 жаштагы А.Г. аттуу кыз көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секиргенин аныкташкан. Жабыркаган кызды тез жардам кызматы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кеткен.

Учурда ал кыз ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейин өндүрүш ишинин алкагында иликтөө жүрүүдө.

Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо көрүнгөндөй, терезенин кырында отургун кызды балдар кармап калууга аракет кылып, бирок кыз кулап түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий