• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Суу айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт

Аймак 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылында айыл имамы жана айыл жаштарынын демилгеси менен арак, сыра жана башка спирт ичимдиктери мындан ары сатылбайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү айылдын жаштары дүкөндөрдөн 10 миң сомго ичимдиктерди сатып алып, талаага алып чыгып төгүшкөн.

Кара-Суу айылынын имамы Жолдош Алиевдин айтымында, аталган демилгени айыл тургундар толугу менен колдоду.

"Эми мындан ары айылдагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбай турган болду. Бул демилгени айыл эли толугу менен колдоду. Айылдагы дүкөнчүлөр менен сүйлөшүүлөр болуп, алар да бул ишке каршы эмес экендигин билдиришти", - деди Алиев.

Пикир

Оставить комментарий