• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ак-Суу районунда кыйылган карагайлар боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Ак-Суу районунда кыйылган карагайлар боюнча жеринде текшерүү болгонун президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январда социалдык тармактарда райондун Теплоключенко айылынын “Алтын-Арашан” коктусунда белгисиз жарандар УАЗ үлгүсүндөгү автоунааларды токтотуп коюп, карагайларды кыйып жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Бул видеоматериал боюнча президенттин Ысык-көл облусундагы өкүлүнүн тапшырмасы менен комиссия түзүлүп, аны өкүлдүн биринчи орун басары Уланбек Далиев жетектемей болгон.

Ошентип, 1-февралда комиссия “Алтын-Арашан” коктусуна барып, текшерүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен акт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий