• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрт-Гүл суу сактагычында 80 млн куб метр суу топтолду

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Баткен районун жана Баткен шаарын сугат суу менен камсыздаган Төрт-Гүл суу сактагычы 90 млн куб метр сууга ыңгайлашкан. Бүгүнкү күндө аталган суу сактагычта 80 млн куб метр суу топтолду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу эки жарым айга эрте топтолуп, жакынкы күндөрү кышкы сугат суу берүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.

Суу сактагычтагы суунун көлөмү январь айынын орто ченинде 90 млн куб метрге жетүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек 2020-жыл кургакчыл келип, Ак-Суу дарыясындагы суунун агып келүүсү 30%га аз болгондугуна карабастан, пандемияга байланыштуу, азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында жылдагыга салыштырмалуу 200 гектарга жер көп айдалып, 20 млн куб метр суу көп сарпталган.

Ошого карабастан бүгүнкү күндө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлү күчөтүлүп, суу топтоо планы жылдагыдан эрте аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий