• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде милиция кызматкерлери Кара-Булак, Бужум айылдарынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Баткен районунда милиция кызматкерлери Кара-Булак, Бужум айылынын эли менен жолугуп, айыл ичиндеги көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугууга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нуралдин Акмурзаев, Баткен районук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Жолдубай Саткынов, Баткен райондук администрациянын жетекчисинин орун басары Кишимжан Кадыровалар катышты.

"Жыйналган элге милициянын аймактык тескөөчүлөрү айыл ичиндеги коомдук коопсуздук боюнча жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди. Милициянын отчетун уккан эл өз көйгөйлөрүн ортого салышты.

Алар негизинен Бужум айылындагы жаңы конушка электр энергиясын өткөрүү үчүн электр мамычаларын орнотууну, кышкы мезгил болгондугуна байланыштуу Баткен шаарына барып билим алган мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн маршруткалардын иштөө убактысын узартууну, ушул эле жылдын октябрь айынын ортолорунда киши колдуу болуп каза болгон Жигитали Темирбаевдин кылмыш иши адилеттүү, мыйзам чегинде тергелишин талап кылышты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул аймакта мамлекеттик кызматта башкача айтканда милиция, медицина кызматында иштеп жаткан кызматкерлерге мамлекет тарабынан кызматтык үйлөр курулуусун сунушташты.

Пикир

Оставить комментарий