• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарындагы ички ирригация тутумдарын оңдоого донор тартылат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов тийиштүү мекеме жетекчилери жана БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлү менен бирге ички ирригация тутумдарын оңдоо планын ишке ашыруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инвесторлорго жалпы 200 адамды жумушка тартуу менен сел каптоо коркунучу бар аймактарды жасоо жана Шуллер көчөсүнө 155 метр латок коюу жумуштары сунушталат. Мындан сырткары, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери көрүлөт.

Донор өкүлү аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо максатындагы "Жумуш үчүн акча жана билим" долбоору аркылуу Нарын шаарына 20 миң доллар каралып, натыйжалуу келечекте элге пайдалуу долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий