• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто биринчи жолу эл аралык бийчилер фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасы

Аймак 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Ош шаарында төрт күн катары менен алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бийчилер фестивалы өтөт.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чара 16-17-18-19-август күндөрү өткөрүлөт. Фестивалга Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.

Иш-чара саат 18:00дө башталып, Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтөт.

Иш-чаранын программасы:

16-август:

  • Саат 19:00дө эл аралык “Бий искусствосу-2023” фестивалынын катышуучулары борбордук аянтка чогулуп, Бабур театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.
  • Саат 20:00дө фестивалдын ачылыш аземи башталат.

17-август:

  • Саат 19:00дө У.Салиева көчөсүндө жайгашкан аллеяда тургундар жана коноктор үчүн фестивалдын катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.

18-август:

  • Саат 19:00дө бий-концерт А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Глобус” соода борборунун алдында кайталанат.

19-август:

  • Саат 19:00дө Бабур театрынын алдында “Бий искусствосу-2023” фестивалынын жабылуу аземи өтөт. Жалпы катышуучулардын катышуусунда флешмоб тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий