• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков Нарындын жаштары менен жолугушту

Аймак 0

Нарын, 19.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. КР премьер-министри Сапар Исаков Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Нарын мамлекеттик университетинин жана шаардын колледжинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу “Таза Коом” санариптик программасынын кеңири бет ачары менен башталды.

Сапар Исаков сөзүн өкмөттөгү реформалар жана "Жаны доорго - кырк кадам” улуттук программасы тууралуу баштады.

“Силер билгендей, эми өкмөттүн бөлүгү жаш лидерлерден турат. Коомчулук колуңардан келеби деп турат. Биз жыл сайын кыргызстандыктардын пикирлерин карап, алардын көйгөйлөрү менен таанышабыз. Чынын айтсам, өкмөттүн аппараты таңкы 8ден түнкү 00:00 чейин иштейт. Анын ичинде "Жаны доорго - кырк кадам” программасын ишке ашыруунун үстүндө. Аны жүзөгө ашыруунун алкагында биз билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактарда долбоорлорду иштеп жатабыз. Буга байланыштуу ар бир кадамды иштеп чыгуудабыз”, - деди өкмөт башчы.

Ал Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга өлкөнүн айылдарында кеңири тилкелүү линияларды өткөрүүгө 50 млн доллар бергенин, натыйжада, ыкчам жана сапаттуу интернет жеткиликтүү болорун, баасы да кыйла төмөн болорун белгиледи.

“Ошондой эле, кабелдик ТВ кошууга мүмкүн болот. Алсак, балдар таанып-билүүчү мультфильмдерди жана башкаларды көрө алышат”, - деп кошумчалады Исаков.

Пикир

Оставить комментарий