• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош клиникалык ооруканасы экологиялык жана техникалык талаптарга таптакыр жооп бербейт

Аймак 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Ош шаардык аймактык клиникалык ооруканасы экологиялык жана техникалык талаптарга таптакыр жооп бербейт. “Себеби, аталган мекеменин айланасындагы бактары мыйзамсыз кыйылган. Ошондой эле электр тогу өтүүчү карагайлар бейтапкага тыгыз орнотулган. Бүгүнкү күндө электр мамылары бейтапканга кооптуу абал жаратууда. Себеби, ток өткөрүүчү мамычалар эски каргайларга бекитилген”, - деп билдирет Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, электр ток өткөрүүчү карагайлар турак жайлардан 5 метрден 14 метрге чейин жайгашуусу керек. Мамэкотехинспецкиянын Ош шаардык башкармалыгы тарабынан буга чейин текшерүүнүн негизинде 21 пункттан турган мыйзам бузууларды аныкташкан. “Бул коопсуздукту жөнгө салуу боюнча бир ай мөөнөт берилген. Бирок, 2017-жылдын 18 сентябрында болгон контролдук текшерүүдө бейтапкана жетекчилиги тарабынан Инспекциянын койгон талаптары аткарылбаганы аныкталды. Өз кезегинде оорукананын жетекчилиги Инспекциянын эскертүүлөрүнө баш ийбей, көрсөтүлгөн кемчиликтерди тоготпой, бүгүнкү күнгө чейин жарандардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен иштеп жатат. Учурда социалдык обьекти болгон оорукананын жетекчилигинин шалаакылыгынын кесепетинен аткарылбай келген талаптарды Инспекция тийиштүү органдар менен биргеликте катуу чара көрүүгө аргасыз болууда”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий