• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: 4 тамактануучу жайга айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн кийин иштеп жаткан коомдук тамактануучу жайларга, кафе-барларга, футбол аянтчаларына рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жалпы 21 жай иштеп жатканы аныкталды.

«Алардын баары рейд учурунда ишин токтотуп, эскертүүлөр берилди. Төртөөнө айыппул салынды. Алар - "Абдусамад ажы" чайканасы, Балтагулов көчөсүндөгү сыра ичүүчү жай, "Бегимай" ашканасы жана "Ордо" кафеси», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий