• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери дээрлик 1 миңге жакын жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 8-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын 6 айды жыйынтыктаган ыкчам кеңешмеси өттү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев катышкан.

Кеңешмеде маалым болгондой, Бишкек шаарында 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында 974 жол кырсыгы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,6%га аз. Алты айдын ичинде жөө жүргөн жаш балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 50%га азайган.

"Ал эми кырсык катталган жерден из жашырып кеткен 244 учур катталып, алардын ичинен 137си издөө бөлүмү тарабынан ачылып, калгандарын издөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, кеңешмеде Милициянын кайгуул кызматынын башка бөлүмдөрүнүн жарым жылдык аткарган иштери тууралуу анализ жүргүзүлүп, баа берилди.

Пикир

Оставить комментарий