• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багы иретке келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу паркын иретке келтирүү жумуштары жүрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин жүрүшүндө эскилиги жеткен, парктын көркүн бузган оюн аттракциондору, соода күркөлөрү алынды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, буга чейин бир нече жолу эскертүү берилгендигине карабай, ижарачылар соода күркөлөрүн албай, жаңылабай келишкен. Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, ижарачылар менен бир тараптуу келишим токтотулат.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардагы “Жеңиш” паркында да дал ушундай иретке келтирүү иши жүргөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий