• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда көрктөндүрүүнүн үч айлыгы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Эртең, 5-марттан тарта Жалал-Абад облусунун аймагында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды архитектуралык талапка ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы башталат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үч айлыктын алкагында көчө, аллея, эс алуу жайларына бак-дарак жана гүл көчөттөрүн отургузуу, арык-каналдарды тазалоо, жээк бекемдөө жумуштары аткарылат. Жол бойлорун таштандылардан арылтуу, бардык социалдык объектилерде, тейлөө жайларынын менчигинин түрүнө карабай абаттоо иштери колго алынмакчы.

Үч айлыкты уюшкандыкта аткаруу максатында жер-жерлерде атайын штабдар түзүлүп, иштин жүрүшүн көзөмөлгө алат.

“Андыктан, тургундарды өздөрү жашаган аймакта жана мекеме-ишканаларга бөлүнгөн жайларда жума сайын өтүүчү ишембиликтерге активдүү катышууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий