• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Боом капчыгайында 6-июндан 10-июнга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий