• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУнун беш мугалими Милан университетинен окуп келет

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) эл аралык медицина факультетинин беш мугалими коомдук саламаттык сактоо багыты боюнча Италиянын Милан университетинен академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келишет.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окууга аталган факультеттин коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, доцент Акшоола Турусбекова, улук окутуучулар Исабек Гуламов, Тимур Пайзилдаев, окутуучулар Гүлзат Жанадилова, Аваз кызы Жылдыз бармакчы.

Окутуучулар Милан университетинен коомдук саламаттык сактоо багыты боюнча профессор Клаудио Колозионун жетекчилигинде мобилдүүлүктөн өтүшөт.

Академиялык мобилдүүлүк жана жайкы мектеп Erasmus+ программасынын HARMONEE долдоорунун алкагында Борбордук Азиядагы өнөктөштөр үчүн англис тилинде уюштурулат.

Мобилдүүлүктүн финансылык чыгымдарын HARMONEE долбоору каржылайт.

Пикир

Оставить комментарий