• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы мектеп, бала бакчалар 1-февралдан баштап иштейт

Аймак 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер 1-февралдан баштап толук кандуу иштейт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектептен билим алууну улантат. Мындай чечим күн мурун, 29-январда шаардык штабдын жыйынында кабыл алынды.

Андан тышкары, шаардагы муниципалдык бала бакчалар 1-февралдан баштап өз ишин кадимки тартипте уланта турган болду. Мектеп жана бала бакчаларга санитардык нормаларды сактоо талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий