• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сурабалдиева Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу алкагында тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин жыйындысын талкуулады.

Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.

Вице-премьер-министрдин м.а. россиялык тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий