• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7 жаштагы кызды өлкөдөн жасалма күбөлүк менен алып чыгууга аракет кылган аял кармалды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. КР жараны Москвага баланы жасалма туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда Ош – Москва каттамын түзүү учурунда чек ара кызматкерлери жасалма туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен баланы алып чыгууга аракет кылган кыргыз аял кармалган.

55 жаштагы КР жараны жасалма күбөлүк менен 7 жаштагы кызды өлкөдөн алып чыгууга аракет кылган.

Анын айтымына караганда, документтер жоголуп кеткендигине байланыштуу жасалма күбөлүк жасаткан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий