• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Күйүп жаткан үйдүн 5-кабатынан секирген кыз каза болду

Аймак 0

Ош, 27.04.18. /Кабар/. Оштогу күйүп жаткан үйдүн 5-кабатынан секирген кыз ооруканадан өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери кыздын өздүгүн тактаган: ал Алай районунун 28 жаштагы А.Э., аттуу жараны.

Мурда анын туугандары изделип жаткандыгы тууралуу айтылган. Учурда маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп берүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 24-апрелге караган түнү болжол менен саат 23:21де Ош шаарындагы 12-кабаттуу үйдө өрт чыккан. Болжолдуу маалыматка ылайык, өрттүн очогу 5-кабаттан башталган. Өрт өчүрүүчүлөр 30дай адамды эвакуация кылышкан.

Өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркаган, алардын экөө өрт болгон кезде 5-кабаттан секиришкен.

Пикир

Оставить комментарий