• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент шаарына жаңы аким дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. 26-апрелде Ташкент шаарын алты жылдан бери башкарып келген Рахмонбек Усманов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кетти. Өзбекстан борборунун акиминин орун басары болуп Жахонгир Артыкходжаев дайындалды.

Буга чейин 43 жаштагы Жахонгир Артыкходжаев мамлекеттик Tashkent City ишканасынын директору жана Artel Engineering жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы болгон. Ошону менен бирге ал алюминий жана пластик терезе, эшиктерди чыгарган компаниянын ээси катары белгилүү.

Жахонгир Артыкходжаев саясий чөйрөдө бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин өлкөдөгү ири бизнес-долбоорлорду толук көзөмөлгө алуу менен белгилүү боло баштаган.

Жергиликтүү ММКлар Ташкент шаарынын мурдагы акими Рахмонбек Усманов «Узавтотранс» агенттигинин башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалганын маалымдашты.

Пикир

Оставить комментарий