• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин Өрүк-Зар айылында жашоочулардын демилгеси менен 6 км жолго асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылында жергиликтүү жашоочулардын күчү менен 6 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе бүгүн 7-апрелде президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда облус башчысы, район акими, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен Өрүк-Зар айылынын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди макулдашты.

Өкүл Абдикарим Алимбаев элдин демилгесин кубаттап, эл менен жасалган жумуш ийгиликтүү болооруна ишенимин айтты. Ошондой эле "элди мобилизациялоо менин эң негизги максатым" деп билдирди.

Жетекчилер жана тургундар жол куруучу компаниянын жолду сапаттуу жана арзан куруп берүүсү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Өрүк-Зар айылынын негизги жолун асфальттоого айыл эли 6 млн сом каражат топтогон. Ал эми айылдык эки ишкер 1 млн сомдон салым кошкон. Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 млн сом бөлсө, жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий