• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги ортомчусуз россиялык заводдон 70 миң тонна битум сатып алат

Коом 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. 70 миң тонна битумду ортомчуларсыз сатып алуу боюнча россиялык завод менен түз келишим түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, мындай келишим президенттин колдоосу менен биздин министрлик эми битумду ортомчулары жок россиялык "Роснефть Битум" заводунан түз сатып алат жана келишим мамлекеттик бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

"Россияга болгон иш сапарымдын алкагында жол курууда негизги мааниге ээ болгон битум материалын бир топ арзан баада сатып алуу үчүн натыйжалуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Роснефть Битум" ишканасы менен түздөн-түз келишим түзүлдү" - деп жазган министр.

Түзүлгөн келишимге ылайык, 2023-жылдын март айынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин БНД 60/90 маркасындагы битумду Казакстандын "Турксиб" станциясына чейин баасы тоннасына 205 долларды түзөт.

Мындан тышкары, Казакстандык "Pozitiv Stream" компаниясынан "Турксиб" станциясына чейин – 209 доллардан БНД 60/90 маркасындагы битум ошондой эле, "Альфа Ойл" ЖЧКсынан да тоннасы 209 доллардан битум сатып алынган.

"Учурда "Pozitiv Stream" жана "Альфа Ойл" компаниясынан сатып алынган битумдар биздин сактоочу жайларга түшө баштады. Март айынан бери битумдар түзүлгөн график менен келип жатат, болжолдуу бүгүнкү күнгө карата 3000 тоннанын тегерегинде битум келип түштү. Жалпысынан 2 жылдык мөөнөт менен 70 миң тоннага келишим түзүлгөн. Азыркы учурда график менен жолдо келе жаткан битумдар бар. Битумга болгон баалар түзүлгөн келишимдин убагына карата, ошондой эле биздин битум сактоочу жайларга жеткирүүнүн шарттары боюнча түзүлгөн", - деп жазды министр.

Пикир

Оставить комментарий