• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизет

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "МойПлан. Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга колдоо жана жардам" мобилдик тиркемеси сунушталды.

Эмгек министринин орун басары Жаныл Алыбаеванын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукту жеңүүнүн маанилүү аспектиси калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

"Өткөн жылдан бери биздин өлкөдө жакырчылыкты жоюу боюнча болуп көрбөгөндөй чаралар көрүлүп жатат. Жарандардын ар кандай категориялары үчүн жөлөкпулдар 150-200% га жогорулатылды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөтүлдү, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият чөйрөсүндө негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн кызматчылардын эмгек акысы эки эсеге көбөйдү.

Бүгүнкү күндө санариптештирүү үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун негизги механизмдеринин бири болуп калды. Жана иштелип чыккан мобилдик тиркеме аялдар үчүн өз коопсуздугун пландаштыруу куралдарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн үй - бүлөлүк зомбулуктан эркин коомду түзүү жолундагы дагы бир маанилүү чара болуп саналат", - деди ал.

Долбоордун автору, Аризона мамлекеттик университетинин профессору Джил Тереза Мессинг белгилегендей, колдонмонун үстүнөн иштөө бир жыл бою жүрдү.

"Биз кризистик борбордогу аялдар менен иштештик жана колдонмону Кыргызстанга ылайыкташтыра алдык. Ал кыргыз жана орус тилдеринде акысыз жеткиликтүү. Тиркеме план-карта болуп саналат, анда негизги ченемдик укуктук актылар, байланыштар, документтерди алуу жол-жоболору, жөлөкпулдар, алимент, коргоо ордери камтылган. Башкача айтканда, зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам берүүчү шаймандардын бардыгы.

Бул учурда, колдонмо зордук-зомбулукка кабылган ар бир адам үчүн ар кандай жаш үй-бүлө, айрыкча айылдык үй-бүлө үчүн пайдалуу болот. Анда жергиликтүү бийлик органдарынын, милициянын, МККнын функциялары топтолгон.

Биз түшүнүшүбүз керек, зордук - зомбулукка каршы туруунун универсалдуу жолу жок, бирок биз адамдарга анын алдын алууга мүмкүнчүлүк берген курал бере алабыз", - деди долбоордун автору.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын, башкы прокуратуранын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий