• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн баштап Октябрь районун “Тазалык” ишканасы тейлейт

Коом 0

Бишкек, 14.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы бүгүн, 14-июндан баштап Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын чыгарат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган районду буга чейин "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы тейлеп келген. Бирок, шаардыктар тарабынан көптөгөн даттануулар түшкөндүгүнө байланыштуу компания менен келишим токтотулган. 1-июнда акимчилик "БишкекВторРесурс" ЖЧКсына келишимди бир тараптуу бузуу тууралуу билдирүү жөнөткөн.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда катуу таштандыларды чыгаруу боюнча шаардыктар тарабынан көптөгөн даттануулар түшүп, буга байланыштуу Октябрь райондук администрациясы келишимдин негизги пункттары аткарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу кат жөнөткөн. Бирок, "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көргөн эмес. Муну менен катар «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы өз милдеттерин аткарбай, катуу тиричилик таштандыларын чогултуучу контейнердик участоктордо жана аянтчалардын айланасында таштанды үймөлөр пайда болуп, аймактын санитардык абалын начарлатууда", - деп түшүндүрүштү мэриядан.

Муниципалитеттен белгилешкендей, "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы келишим боюнча алган милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбай, Октябрь районунун аймагында катуу таштандыларды чыгаруу боюнча начар иштерди жүргүзүп келет. Иштин мындай темптери жана контейнердик аянтчалардын учурдагы абалы райондун тургундарына жана муниципалдык администрацияга туура келбейт.

"БишкекВторРесурс" ЖЧКсы тарабынан келишимдин шарттарын олуттуу бузууларды эске алып, муниципалдык администрация тарабынан мыйзам бузууларды жоюу боюнча кат жөнөтүлгөн. Мыйзам бузуулар жоюлган эмес. Көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан аталган ишканага карата 20дан ашык акт түзүлгөн. "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы "Тазалык" ишканасынан алдындагы милдеттенмелерин аткарган эмес.

Администрация компанияга 2023-жылдын 14-июнунан тартып Октябрь районунун аймагынан катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу бузуп жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий