• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.06.23./Кабар/. 14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий