• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМдин куткаруучулары байланыш жана атайын шаймандар менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тоо-кен куткаруу иштеринде колдонулуучу заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаймандар министрликтин каржылоосу менен Россия Федерациясынан алып келинген. Алардын арасында ар кандай газдарды өлчөөчү, газдан уулануу учурунда тез жардам көрсөтүүчү медициналык жабдыктар да бар.


Маалымат үчүн: өткөн жыл ичинде Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы үчүн министрликтин каржылоосу менен JAC үлгүсүндөгү пикап унаасы да алынган. Мындан сырткары, ички каражаттын эсебинен эскилиги жеткен куткаруу шаймандары жаңыланып, өздүк курам үчүн кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий