• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы мартта ишке кириши мүмкүн – министр

Коом 0

Бишкек, 22.01.20 /Кабар/. Балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы 2020-жылдын март айында толук кандуу ишке кириши күтүлүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Кочкоровдун айтуусуна караганда, министрлик татаал турмуштук жагдайга кабылган балдардын автоматташтырылган базасын иштеп чыккан.

"Учурда өлкөнүн 5 районунда бул системаны пилоттук иштетүү жүргүзүлүп жатат. Ага тиешелүү мамлекеттик органдар кошулат жаа бул пайда болуучу суроолорго боюнча ыкчам реакция кылып, чечим кабыл алууга мүмкүндүк түзөт", - деп маалымдады министр.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кубаттап, жарандардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын төмөндөтүү үчүн калкка электрондук форматта социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана зарыл справкалардын санын мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий