• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстандагы эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Спорт чебери А.Тучковдун байгелерине арналган эл аралык мелдеш 17-декабрда Астана шаарында өттү.

Самат Казакбаев 3 миң метр аралыкка чуркап, маарага 8:39:72 убакытта келди. Жыйынтыгында кыргызстандык балбан экинчи орунга татыды.

Мелдешке ошондой эле үч спортчу катышты: Анастасия Бондаренко (60 метр – 8:19), Сабина Батаджиева (узакка секирүү – 5,40 см) жана Руслан Рустамов (60 метр – 7:20).

Пикир

Оставить комментарий