• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык адистер Түркияда дары-дармекти жөнгө салуу системасы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы жумушчу сапары менен Түркияда болушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык адистер Түркиянын жооптуу мамлекеттик органдарынын дары каражаттарын жөнгө салуу, каттоо жана дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу жана алардын чыгымдарын төлөө боюнча ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө делегация төмөндөгүлөр менен таанышты:

- Түркияда саламаттыкты сактоо жана фармацевтика секторун жалпы системасын жөнгө салуу;

- жөнгө салуучу органдын түзүмүн жана уюштуруу модели менен;

- баа түзүүнүн ролу, бааны башкаруу процедуралары жана бааны жөнгө салуунун башка аспектилери (анын ичинде колдонуу, баа түзүү куралы, МТ ж.б.);

- социалдык коргоону уюштуруу жана медициналык жардам кызматы менен координациялоо, бюджетти түзүү жана ишке ашыруу;

- фармацевттердин жана дарыканалардын ишмердиги, контракт түзүүчү дарыканалардын иши, дарыканаларга кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн ордун толтуруу;

- ордун толтуруу, баасынын ордун толтуруу жана кошумча төлөө үчүн тизмелерде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды тандоо;

- чыгымдардын ордун толтуруу системасындагы маалыматтык жана санариптик чечимдер менен.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросу тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий