• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыздын чыгаандары тууралуу жазылган “Менин тагдырымдагы инсандар” китебинин бет ачары онлайн өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Онлайн Университети платформасы 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист Бакыт Орунбековдун "Менин тагдырымдагы инсандар" аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов жана башкалар бар.

"Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт", - деди Орунбеков.

Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. "Ош-3000" медалынын ээси.

Вебинардын шилтемеси.

Пикир

Оставить комментарий