• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кадамжайда мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу Кадамжай районундагы мечит, медреселерде дезинфекциялоо иштери күчөтүлүп, алдын алуу чаралары башталды.

Кадамжай райондук хатибиятынын кызматкери Өскөнбай Кудайбердиевдин айтымында, 30-сентябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы жана Советский Кан айыл аймактарында мечиттер толук дезинфекцияланды. Ошондой эле «Мухаматкасым Ата» жана «Азрети Усман» мечити толук залалсыздандырылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов облустун аймагында эпидемиологиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу имамдарга мечиттерди, медреселерди жумасына 2 жолу дезинфекциялоо иштерин дайым жүргүзүү жана мечитке келгендердин санитардык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий