• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУнун делегациясы Казак улуттук университетинде болду

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде болду. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ОшМУнун делегациясы иш сапарынын алкагында аталган университеттин ректору Жансейит Туймебаев менен жолугуп, баарлашты.

Жолугушууда тараптар билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле делегация КазУУнин кафедра башчылары менен жумушчу жолугушууга катышып, университеттин IT инфраструктурасын өнүктүрүү жана билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды алышты.

Мындан тышкары, алар Аль-Фараби музейи, "Керемет" студенттерди тейлөө борбору, механика-математика факультети жана Экономика жана бизнес жогорку мектебинде болуп, материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын өнүктүрүү жана инвестиция боюнча проректору Кубанычбек Токторов, окуу бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Атабаев, IT Академиянын директору Айтибек Абдирасулов бар.

Пикир

Оставить комментарий