• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Баткен облусунда 2019-жылы "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" алкагында, облустагы капиталдык курулуштар үчүн республикалык бюджеттен 326 млн сом каралып, 219 млн сомдук жумуштар аткарылды.

"Бүгүнкү күндө облуста жалпы 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Анын ичинде 31 билим берүү обьектиси, 11 бала бакчасы, 2 спорт зал, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 2 маданият обьектиси, 4 таза суу, 3 турак жай жана 8 башка обьект бар", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошол эле учурда жыл башынан бери облуста 11 обьект пайдаланууга берилген. Жыл соңуна чейин дагы 6 обьекттин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий