• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санжарбек Эркинбаев УКМК 9-кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович башка кызматка өткөнүнө байланыштуу КР УКМК төрагасынын орун басары — КР УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин башка буйругу менен Эркинбаев Санжарбек Нуралиевичке КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий