• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын бир катар министрлери тартиптик жаза алды – тизме

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/ Кыргызстандын президентинин администрациясынын коллегиясында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алды.

Эскертүү алгандар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев;

Сөгүш алгандар:

- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

- транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев;

- саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;

- президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев.

Мындан тышкары, президентке бир катар район башчыларын ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий