• 88.68
  • 95
  • 0.95

Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев Мансур Явашты Анкара шаарынын мэри кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин куттуктоо катын тапшырды.

Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосундагы боордош шаар мамилелери боюнча түзүлгөн келишимди эске алуу менен, элчи борборлордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө чакырып, Анкара шаарынын мэриясынын делегациясын жана бизнес-коомчулуктарын Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий