• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө абал. Шаардын борбору дезинфекциялоо үчүн жабык бойдон калат

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында дезинфекция жүргүзүү максатында шаардын И.Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу көчөлөрү, ошондой эле Осмонкул, Салиева, Курманжан Датка 7-апрель көчөлөрү менен чектелген жерде санитардык-карантиндик аймак түзүлгөн.

"Ал көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган көчөлөргө блокпосттор коюлуп, автоунааларга толук чектөө коюлат. Ал эми жөө жүргүнчүлөр маршруттук баракча, медициналык документтер (жолдомо кагаз, көчүрмө), ошондой эле өздүгүн күбөлөндүргөн күбөлүктүн негизинде жүрө алат", - дейт ал.

Анын айтымында, бул аймакта дезинфекциялоо аяктаган соң, башка көчөлөрдө да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. “Ирет-ирети менен шаардын бардык аймактарын дезинфекциялайбыз, ал убакта ал жерлерде да чектөөлөр болот”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, шаардын борборун дезинфекциялоо иштери кечээ, 26-мартта башталган.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий