• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Активисттер ЖК депутаттарынын жумушка чыгышын талап кылышууда

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарынын жумушка чыгышын талап кылышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз эл жаштар кеңеши” КУнун төрагасы Алмазбек Жазыбаев билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргыз мамлекети өнүкпөй жатат.

“Биздин жаштар өлкөдө келечекти көрбөй жатат. Алардын бардыгы мигрант болуп башка өлкөгө кетүүдө. Мунун бардыгы айрым саясий адамдардын мамлекеттик эмес, өзүнүн жеке маселеси менен алектенип калгандыктан болууда. Ага байланыштуу биз “Кыргыз эл жаштар кеңеши” уюмунун өкүлдөрү КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун талкуулап, коомдо топтолуп калган суроо жана көйгөйлөр боюнча өз оюбузду билдирүүнү чечтик”, - деди төрага.

Ал баса белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда саясий жана экономикалык регресс байкалууда, аны менен бирге мамлекеттин өнүгүүсү алдыга жылгандыгын көрүүгө болот.

“Бирок өлкөдөгү туруктуулукка карабастан, мамлекет оор абалда. Биз бардык жарандарга кайрылып, мамлекеттүүлүктү жана көз карандысыздыгыбызды сактап калуу үчүн бардык чараларды колдонууга чакырабыз”, - деди Жазыбаев.

Төрага мамлекеттен уурдаган кылмышкерлер жазаланышы керектигин айтып, алардын орду түрмөдө экендигин кошумчалады.

“Толтура көйгөй болуп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттарынын эс алууга тараганы жоопкерсиздик болду. Биз алардын каникулдан келип, кайрадан иштеп баштоосун талап кылабыз. Болбосо күзүндө биз алардын аракеттерине баа берип, парламенттин тарашын талап кылабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий