• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Чолпон-Атадагы ат майданын текшерди

Аймак 0

Чолпон-Ата, 06.07.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында Чолпон-Атадагы ипподромду көрүп чыкты. Текшерүү учурунда ал инфраструктураны жакшыртуу, оңдоп-түзөө, куруу иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроо берип, өзүнүн идеяларын карап чыгууну сунуштады.

Өкмөт башчы жашылдандыруу, дренаждык системалардын иштеши, жарыктандыруу жана башка маселелер боюнча сурап, кемчиликтер болсо тез арада түзөтүүнү буюрду. Премьер-министрге сахна 8-августта орнотула баштай турганын билдиришти. Сахна 7 катмарлуу жарык системасы менен жабдылат. Бардык аппаратура орусиялык компания менен түзүлгөн келишим боюнча ижарага алынат.

Бир проектордун баасы 105 миң евро экендиги белгилүү болгондо премьер-министр ушундай платформаны сатып алып, ижарага бере турган атамекендик жеке компания менен иштешүү вариантын карап көрүүнү айтты.

Пикир

Оставить комментарий