• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек районунун аймагында жыл башынан бери 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында жыл башынан бери 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын 6 чакырымы республикалык бюджеттен каржыланды. Жолдордун курулушуна 41 млн сом каралган.

Алар:

-Раззаков-Беш-Бала-Ак-Суу жолунун 4км
-Раззаков-Гордой-Кекире жолунун 2км
Ал эми 10км 495 метр унаа жолдоруна 33млн 185,3 миң сомдук асфальт төшөлдү.Бул каражаттар айыл аймактардын жергиликтүү бюджетинен, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан,Лейлек районунун Өнүктүрүү фондунан жана үлүштүк гранттын эсебинен каржыланган.

Алар:
-Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын узундугу 410метр болгон Сейдалиев көчөсү
-Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылынын 1км 100м болгон Достук жана Орто көчөлөрүнө
-Кулунду айылынын 1км 50м болгон Батыш борбордук көчөлөрүнө
-Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка айылынын 1км 300м болгон С.Шамшиев жана Р.Турсунбаев көчөлөрүнө
-Катраң айылынын 603 м болгон Манас көчөсүнө
-Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын 800м болгон А.Садыков көчөсүнө
-Ак-Суу өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылынын 900м болгон Ынтымак жана Жаңы-Абад көчөлөрүнө
-Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Андархам айылынын 700м болгон А.Отабаев көчөсүнө
-Раззаков шаарына караштуу Чимген айылынын 1км 200м болгон Тагай Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө
-Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Борбордук айылынын Хамидов көчөсүнүн 500 метр аралыгына
-Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын Т.Садыков көчөсүнүн 750 метр аралыгына
-Жаңы-жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылынын Орто көчөсүнө 1182 метр аралыгына.

Пикир

Оставить комментарий