• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Атанын Боз-Бармак айылында 90 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районудагы Боз-Бармак айылында 90 орундуу башталгыч мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектептин пайдубалына үстүбүздөгү жылдын 14-майында капсула салынган. Билим берүү мекемесинин курулушуна жалпы 13 млн сом жумшалып, анын 4,5 сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан, калган бөлүгү Катар мамлекетинин кайрымдуулук фондунан каржыланды.

Ошондой эле мектепке Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 5 компьютер тапшырылды.

Белгилей кетсек, мектептин ачылуу салтанатына Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Нурлан Сулайманкулов, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, "Катар" кайрымдуулук уюмунун регионалдык директору Абдунасер Ибрахийм Аль Фахру жана мектептин курулушунун негизги демөөрчүсү Мухаммад Абдурахийм Кафуд жана башка донорлор, райондун жана айылдын аксакалдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы Ысык-Ата районунда 5 мектеп жана 1 бала бакча пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий