• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Сууда аз камсыз болгон 757 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Кара-Сууда 757 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 650 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара муфтий Замир кары Ракиевдин буйругун аткаруунун алкагында ишке ашырылууда. Ыйык Рамазан айында Кара-Суу районундагы дин кызматкерлери тарабынан 757 муктаж үй-бүлөгө акчалай жардам жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр берилди.

Кайрымдуулук иш-чаралары район аймагындагы 27 мечиттин жамааты тарабынан көрсөтүлүп, анын жалпы суммасы 1 млн 655 миң 443 сомду түздү.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районуна караштуу 8 мечиттин жамааты Рамазандын алгачкы он күндүгүндө 250 муктаж үй-бүлөгө 560 000 сомдук жардам көрсөткөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий