• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Таш-Көмүр шаарында эмдөө алууга үндөгөн жөө жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында COVID-19 илдетине каршы жарандарды эмдөө алууга үндөгөн жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүрүшкө шаардагы саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери чыгып, жарандарга коронавирус оорусунун жайылуусунун алдын алуу, ден соолукка кам көрүп, кайдыгер болбоого чакырышты.

Жөө жүрүштү тез жардам жана милиция кызматкерлери коштоду. Жүрүшкө чыккан топ калаадагы төрөт үйүнөн башталып, эл көп болгон жайларды аралап, шаардагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна чейин эмдөө алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп барышты.

Пикир

Оставить комментарий