• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусундагы «Жеңи-Жок» атындагы мектептин курулушу 82%га даяр

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Жеңи-Жок» атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана курулуш иштери 82%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп 225 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле атайын жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Азыркы учурда, куруучу компания тарабынан ички жасалгалоо иштери, электромонтаж, суу менен жабдуу, канализация жана сырткы тармактар иштери аяктоодо. Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Эскерте кетсек, мектептин куруулушу өткөн жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 870 миң 124 долларды түзүп, фонд тарабынан 504 миң 671 доллар каржыланган.

Кошумча корпустун курулушун бүткөрүү жаңы окуу жылына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий