• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖК төрагасы парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк конференциясында сөз сүйлөдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында (Австрия) өтүп жаткан парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага алгач Парламенттер аралык бирликтин төрагасы Дуарте Пачекого жана Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботкага парламентарийлер үчүн маанилүү болгон иш-чараны уюштуруп, чакыргандыгы жана глобалдык маселелер боюнча кызматташтыкты калыптандырып, баарлашууга шарт түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди .

Муну менен катар тынчтыкка жана демократияны чыңдоого багытталган жалпы баалуулуктарды, идеяларды бириктирген Парламенттер аралык бирликтин бедели жогору экенин баса белгиледи.

Ошондой эле төрага бардык парламентарийлер глобалдык маселелер боюнча өз позициясын ачык жана айкын билдирүү үчүн ушул аянтчаны эркин колдоно алышарын кошумчалады.

Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенин айткан төрага, бул мезгил аралыгында демократиялык принциптерге таянган бир катар эл аралык келишимдерге кошулганын маалымдады. Буга мисал катары, Кыргызстан жалпысынан БУУнун алкагында адам укугун коргоо чөйрөсүнө тиешелүү 40 эл аралык документ боюнча милдеттеме алганына токтолду. Муну менен катар тиешелүү орток максаттар Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында чагылдырылганын жүйө келтирди.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу Кыргызстандын калкы жана экономикасы COVID-19 пандемиясынан жабыркаганын айткан Талант Мамытов, бирок дүйнөлүк коомчулуктун колдоосунун аркасында көйгөйлөр чечилип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары төрага климаттын глобалдык өзгөрүү маселелерине токтолуп, аталгаан апаатты биргелешип чечүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылды.

"Глобалдык баяндамага ылайык, учурда 36 өлкө суунун жетишсиздигинин дуушар болууда. Аба ырайынын ысышы, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн шарттап, селдин көбөйүшү, кургакчылык жана мөңгүлөрдүн ээриши сыяктуу табигый кырсыктар таза суу ичүү мүмкүнчүлүгүнө жана санитардык абалга таасирин тийгизүүдө. Калктын саныны өсүшү, сууну керектөөнүн артышы, өндүрүштүн өнүгүшү бүткүл дүйнөдө суу жетишсиздигине алып келүүдө”, – деди Талант Мамытов.

Сөзүнүн аягында төрага Талант Мамытов конференцияга катышып жаткан бардык кесиптештерин Парламенттер аралык бирлик алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана элдердин бакубаттуулугу үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдаланууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий